Алиса Фрейндлих

Википедия дан

Фрейндлих, Алиса Бруновна (1934-жылы 8-декабрда Ленинградда туулган) - советтик жана орусиялык кино жана театр актрисасы, ырчы. СССРдин эл артисти (1981). РСФСРдин К.С. Станиславский атындагы Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты. Орусиянын Мамлекеттик сыйлыгынын үч жолку лауреаты (1996, 2001, 2008). Орусия Өкмөтүнүн сыйлыгынын лауреаты (2010). Санкт-Петербургдун ардактуу жараны (2001).

Фрейндлих 1983-жылдан бери Г.А. Товстоногов атындагы Чоң драмалык театрдын алдыңкы актрисаларынын бири болуп саналат.

Алиса Фрейдлих катышкан тасмалар Орусия киноматографынын "алтын фондуна" кирет. Төмөнкү тасмалар менен таанымал: "Саман шляпа" (орус. Соломенная шляпка, 1974), "Жан талашы" (орус. Агония, 1974), "Кызматтагы махабат" (орус. Служебный роман, 1977), "Д'артаньян жана үч мушкетер" (орус. Д'Артаньян и три мушкетера, 1978), "Сталкер" (орус. Сталкер, 1979), "Таш боор романс" (орус. Жестокий романс, 1984) жана "Аялдын логикасы" (орус. Женская логика) тасмалар жыйындысы, "Бир жарым бөлмө же мекенге болгон сезимтал саякат" (Полторы комнаты, или Сентиментальное путешествие на родину, 2009) тасмасы.

Алиса Фрейдлих - "Алтын маска" (2001, 2006) улуттук театр сыйлыгынын эки жана Орусия Киноматография искусстволор академиясынын эки жолку сыйлыгынын ээси (1994, 2005). 2016-жылы "Намыс жана кадыр" номинациясы боюнча "Ника" сыйлыгына татыктуу деп табылган.

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жеке жашоосу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тартылган тасмалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]