Алишер Сабиров

Википедия дан

Сабиров Алишер Ахмедович (24. 4. 1957-жылы туулган, Жалал-Абад облусу, Сузак району, Таш-Булак айылы) - генерал-майор (2009). 2-класстагы мамлекет кеңешчи (2009). КРдин эмгек сиңирген юристи (2001). Экономика, бизнес жана саясат таануу илимдеринин доктору (2009). 1979-жылы СССР ИИМдин Караганды жогорку мектебин бүткөн. 1974-79-ж. Аламүдүн райондук спорт комитетинде инструктор, 1979- 82-жылы Кыргыз ССР ИИМдин Кылмыш издөө башкармалыгында бөлүмчөнүн начальниги, улук инспектор, 1982-90-жылдары Талас, Ош облусу ички иштер башкармалыктарында штаб начальниги, 1990-95-жылдары КР ички иштер министринин жардамчысы-атайын кызматтын начальниги, ИИМдин штаб начальнигинин орун басары болуп иштеген. КР Жогорку Кеңешинин (1-4-чакырылышынын) депутаты.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]