Ампелография

Википедия дан

Ампелография (грекче аmpelos – жүзүм жана ...графия) – жүзүмдүн түрү жана сорту жөнүндөгү илим. Сырткы чөйрөнүн жана агротехникалык ыкманын таасиринен жүзүм түрүнүн жана сортунун белгилеринин өзгөргүчтүк мыйзамченемдүүлүгүн ампелография изилдейт. Түрдүү аймакта өскөн жүзүм түрү жана сортунун белгилерин изилдөө сорт райондоштурууну илимий жактан иштеп чыгууга, селекция ишинде жүзүм түрү менен сортун туура пайдаланууга, ошондой эле тигил же бул сорт тобунун алынышы жана башка аныктоого мүмкүндүк берет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]