Армяндар: нускалардын айырмасы
мNo edit summary |
м робот кошту: en:Armenians |
||
56-сап: | 56-сап: | ||
[[et:Armeenlased]] |
[[et:Armeenlased]] |
||
[[es:Pueblo armenio]] |
[[es:Pueblo armenio]] |
||
[[en:Armenians]] |
|||
[[eo:Armenoj]] |
[[eo:Armenoj]] |
||
[[fa:ارمنیان]] |
[[fa:ارمنیان]] |
6 сентябрь 2012, саат 12:58 учурдагы нуска
АРМЯНДАР (өздөрүн "айа" деп аташат) - индоевропалык тилдердин биринде сүйлөгөн улут, Армениянын (Айастандын) негизги калкы. Дүйнөдө 5-7 миллиондой армян тектүү калк байырлайт.
Кыскача таржымакалы
Армяндар мурдагы СССРде 3559 миң киши (1970) болгон. Грузия м-н Азербайжанда, Түндүк Кавказда да А. чогуу жашаган жерлер бар. бОтан ашуун чет өлкөдөгү А-дын жалпы саны 1,8 млн-дон көп.
Алар армян тилинде сүйлөшөт, негизинен монофисттик христиандар, чет өлкөлөрдөгү А-дын бир аз бөлүгү - католиктер ж-а протестанттар.
А-дын эң байыркы ата-бабалары К. Азиянын түн.-чыг. бөлүгүндө жашаган калк болгон.
Бул өлкө б. з. ч. 16- 15-к-дагы хетт жазууларында Арматана, кийинчерээк (б. з. ч. 14-13-к.) Хайаса деп аталат. Ассириялыктар А-ды Урме дешкен.
Армян элинин биригүүсү узак убакытка созулуп, негизинен б. з. ч. 4-к-да аяктаган.
405-жылы Месроп Маштоц армян алфавитин негиздеген.
19-кдын 1-жарымында Чыг. Армениянын Россияга кошулушу анда капит. мамилелердин өнүгүүсүнө ж-а А-дын андан ары улуттук консолидациялануусуна мүмкүндүк берген.
Бул жүрүм негизинен 19-к-дын аягында бүткөн.
Арменияда Совет бийлиги орнотулгандан кийин (1920-жылдын аягы), соң. курулуштун жүрүшүндө А. улут катары ого бетер консолидацияланышты, өз элинин маданиятын андан ары өнүктүрүштү.
1991-жылы СССР ойрон болгон соң, армян диаспорасы менен Армениядагы армяндардын карым-катнаштары ээн-эркин жүрүүдө.