Жалбыз: нускалардын айырмасы

Википедия дан
булактар: Кыргызстан улуттук энциклопедия Б., 2011.
м Hugo.arg moved page Жалбыз (Mentha) to Жалбыз
(Айырма жок)

17 декабрь 2014, саат 20:12 учурдагы нуска

 Жалбыз (Mentha) – өсүмдүктөрдүн эрин гүлдүүлөр тукумундагы уруусу. Көп жылдык жыпар жыттуу чөп. Сабагы тик өсөт, 4 кырдуу, бийиктиги 100 смге чейин. Жалбырагы сүйрү же тегерек, сабакта тушташ жайгашат, топ гүлү машактай же шар сымал, гүлү кээде жалбырак колтугуна тегерек топтолот, актиноморфтуу, төрт мүчөлүү. Мөмөсү – жумуртка сымал жангакча. Жер жүзүндө Түндүк жарым шардын мелүүн алкагында жана Түштүк Африкада, Австралияда 25 түрү, Кыргызстанда арык жээктеринде, жол боюнда, саздуу жерлерде 6 түрү өсөт. Бир түрү дары-дармек жана парфюмерияда жана тамак-аш өндүрүшүндө кеңири колдонулуучу эфир майларын алуу үчүн эгилет.