Аллювий

Википедия дан
Аллювий.

Аллювий - (лат. alluviеs - агынды, шиленди, сайроон), аллювий чөкмөлөрү - агып келип суу-дарыя нуктарына, сайларга топтолгон кесек, борпоң чөкмөлөр. Терминди 1823-ж. англиялык окумуштуу У. Бакленд сунуштаган. Аллювий көлөмү, курамы, сорттолушу жагынан ар түрдүү тоотектердин жумуруланган кесек сыныктарынан, кум менен чопонун аралашмаларынан турат. Сынык бөлүкчөлөрдүн кесектиги боюнча жумуру таштуу, шагыл таштуу, кумдуу, чополуу, чымкөңдүү жана кум топурактуу; жайгашкан орундарына жараша нуктук, жайпама, кургап калган байыркы өзөн аллювий болуп бөлүнөт. Aйрым нук аллювийде алтын, платина, калай жана башкалардындын кен чачындылары (россыпь) жолугат. Аллювий менен кум-шагыл курулуш материалдары да байланыштуу.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]