Пантеизм

Википедия дан

Пантеизм (пан... жана грекче theos – кудай) – кудайды жана бүтүндөй дүйнөнү бирдей деп кароочу диний жана филосфиялык окуу. Пантеисттик тенденциялар орто кылымдагы ерестик мистикадан байкалат. Кайра жаралуу доорунун натурфилософиясында «кудай» жана «табият» түшүнүктөрүн бирдей деген Б. Спинозанын материалисттик системасына мүнөздүү; бир канча ирет теизмден материализмге өтүүнүн формасы катары караган Г. Гердер, И. В. Гёте жана идеалисттик немец классикасы үчүн Пантеизм ортодокстуу теизмге да, француз материалисттеринин механизмине да каршы күрөшүүнүн куралы болгон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]