Петрография

Википедия дан

Петрография (грекче petros – таш жана ...графия) – тоо тектер жөнүндөгү илим; геологиянын бир бөлүгү. Too тектердин минерал. жана химиялык курамын, структурасы менен текстурасын, жайгашуу шарттарын, таралуу закон ченемин, жер кыртышы менен жер бетинде өзгөрүшүн изилдейт. Минералогия, геохимия, космохимия, вулканология, планетология, тектоника, стратиграфия жана кен байлыктар жөнүндөгү илимдер менен тыгыз байланышта. Петрография изилденүүчү тоо тектерге карай магма Петрографиясы, метаморфизм Петрографиясы, чөкмө тоо тектердин Петрографиясы же литология деп бөлүнөт. Петрографияда атайын ыкмалар колдонулат. Мисалы, өтө майда минерал агрегаттарын кристаллдык оптика ыкмасы менен изилдөө. Мында полярлашуу микроскобу ж. б. аспаптар пайдаланылат. Too тектерде өтө аз өлчөмдө кезиккен кошунду химиялык элементтер рентгенскопиялык ыкма жана спектр анализи менен аныкталат. Минералдардын химиялык курамын микроанализдегичтин жардамы менен түздөн түз тоо тектерде аныктоого болот. Петрографиялык изилдөөлөрдө физикалык, химиялык анализ жана математикалык ыкмалар (ЭЭМ) кеңири колдонулат. Петрография төмөнкү тармактарга бөлүнөт: петрохимия, петрофизика, петротектоника, физикалык-химиялык жана эксперименттик Петрография,техникалык Петрография, космостук Петрография Петротектоника тоо тектердин микротүзүлүшүн, кыймылын жана деформацияланышын изилдейт. Физикалык-химиялык Петрография термодинамиканын жалпы закондоруна ылайык тоо тектердеги минералдардын тыгыздыгын, катуулугун, электрдик, магниттик ж. б. касиеттерин жана минералдык курамын аныктайт. Эксперименттик Петрография тоо тектердин табигый процесстеринин моделдерин түзүү менен алектенет. Техникалык Петрография петрографиялык ыкмалардын жардамы менен тоо тектерди техникалык иштетүүдөн кийинки продукциядагы тектердин минералдык курамын аныктайт жана өз кезегинде табигый процесстерди чечмелөөгө көмөктөшөт. Космостук Петрография метеориттерди, импактиттерди, Ай ж. б. планеталардагы тоо тектерди изилдейт. Мындан тышкары тоо тектерди курулуш материалдары катары кеңири пайдалануунун негизинде Петрографиянын жаны багыты – курулуш таштарынын Петрографиясы негизделген. Петрографиянын маселелери түрдүү Илим изилдөө институттары тарабынан изилденет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]