Бабизм
Көрүнүш
Бабизм - диний сектанттык окуу жана саясий кыймыл. 19-к-дын 40-50-жылдарында Иранда шахтын жеке бийлигине жана чет өлкө капиталына каршы нааразычылыктан улам пайда болгон. Баб атка конгон шираздык соодагер Али Мухаммед (181947) негиздеген. Бийлик тарабынан Баб камалып, түрмөдө «Баян» деген китебин жазган. Анда адамдардын теңдиги, алардын укугун коргоо, бабилердин бийлигин орнотуу, баби тууралуу идеясы айтылган. Бабдын окуусун анын шакирттери Мухаммед Али Барфуруши, Куррат алАйн андан ары улантышып, салыктын бардык түрлөрүн, жеке менчикти жоюу, аялдар теңдигин үгүттөшкөн. 1848-52-жылы Бабилердин көтөрүлүшү басылган соң Бабдын окуучусу Бехал жаңы окуу Бехаизмди негиздеген.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1