Барокко

Википедия дан

Барокко (италянча barocco – тике маанисинде «ыксыз кооз», «өзгөчө» – XVII кылымда жана XVIII кылымдын биринчи жарымында бир топ европа өлкөлө­рүнүн көркөм искусствосунда, негизинен Италияда (XVI кылымдын экинчи жарымынан баштап өнүккөн) жана Испанияда, Фландрияда (эң өзгөчө реалисттик вариантта), Германияда, Францияда жана башка өнүгө баштаган стилдин аталышы. Б-нун негизги социалдык пайдубалы – дворяндык абсолютизм заманы. Ошол доордогу мамилелердин курчушу жана татаалдыгы көп карама-каршылыктарды туудурган жана бул өз учурунда Б. көркөм искусствосуна чоң таасир эткен. Бул көркөм искусство татаал сезимдерди берүү м-н, темаларын кеңейткен жана патетикага, шаңдуулукка, драматизмге умтулган, ошону менен бирге готиканын кээ бир тенденцияларына ооп, Кайра жаралуунун гуманисттик идеалдарына ындыны өчкөн мамилеси байкалган. Акыркысы ошол Контрреформация доорунда чоң роль ойногон католик чиркөөсүнүн тийгизген таасири менен түшүн­дүрүлөт. Б. стили айрыкча архитектурада даана байкалат; аны менен арх-ралык мейкиндик менен масса тууралуу жаңы түшүнүк тыгыз байланышкан: мурунку көлөмдөрдүн түнт, так чектөөлөрүн, арх-ралык массалардын динамикалык курулуштары, бир көлөмдүн экинчи бир көлөмгө өтүшү, бай жасалгалоолор алмаштырды (ага Ф. Борромини, Л. Бернини, Карло Мадернанын курулуштары мүнөздүү). Б. стилинин мүнөздүү көрүнүштөрү декорация (жасалга) живописинде, анын тынчы жок, динамикадагы татаал, ашыкча кооздолгон композицияларында (мис., чексиз мейкиндик иллюзиясын түзгөн плафондорду саймалоо) байкалат. Ушул эле көрүнүш жасалга скульптурасында жана жогорку экзальтацияда аткарылган чиркөө скульптурасында да бар. Барокко стилинин типтүү жана мыкты устаты архитектор жана скульптор Л. Бернини, декорация живописинин устаттары Пьетро да Картона, А. Поццо жана башка Ал эми станок живописинде Б. стилинин тенденциялары айлана-чөйрөнү чагылдыруудагы реалисттик принциптерге ылайык азыраак байкалат (мис., Рубенсте, Тьеполо ж. б.). Бир топ сүрөтчүлөрдүн (мис., бир тууган Каррачилер жана алардын сүрөт мектептери) чыгармаларында Б. көп учурда академизм менен алмашып кеткен. Б. XVII кылымдагы бардык нерселерди камтыган стиль болгон эмес. Ал бул доордун көп багыттарынын бар болгону бир багыты болгон. Орус Б-су XVIII кылымдын 1-жарымында өнүгө баштаган (XVII кылымдын аягындагы орус архитектурасы шарттуу түрдө «Нарышкиндик барокко» деп аталган) жана ал устаттардын эмгектеринде байкалат. Алдыңкы көз караштагы Пётрдун реформалары орус Б-сунун улуттук өзгөчөлүгүнө жана жалпы орус көркөм искусствосунун өнүгүшүнө чоң таасир тийгизген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]