Барон
Көрүнүш
Барон (лат. baro - киши, эркек) - Батыш Европада королго түздөн-түз көз каранды феодал, кийинчерээк дворяндык титул (аял - баронесса).
Англияда Барон титулу (азыр да сакталып калган) жогорку дворяндык баскычта акыркы орунда турат. Кеңири маанисинде англ. бардык жогорку дворяндар, лорддор палатасынын мүчөлөрүнүн мурасчылары Баронго кирет. Францияда, Германияда Барон титулу графтан төмөн турган. Россия империясында Барон титулу Балтика боюндагы жогорку немис дворяндары үчүн Петр I киргизген.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.