Басылбеков Кубанычбек

Википедия дан

Басылбеков Кубанычбек – акын. Кемин районунун Быстровка айылында 1949-жылы 17-мартта туулган. 1967-жылы орус тилиндеги орто мектепти бүтүрүп, эмгек жолун Быстровкадагы электр техникалык заводунда жумушчу болуп иштөөдөн баштаган.

Мектепте окуп жүргөндө ырларды орусча жазган. Аскердик мөөнөтүн Россиянын Орёл шаарынан өтөп келгенден кийин 1970-жылдан бери котормочулук менен алектенип келет.

1974-жылы алгачкы ырлары «Учкун» альманахында, кийин басма сөз беттеринде жарык көрүп, 1985–1988-жж. райондук «Эмгек Жарчысы», «Вестник Труда» гезиттеринде кабарчы, котормочу болуп иштеген.

1998-жылы алгачкы беш акындын чыгармаларынан турган «Чыгыш берметтери» аттуу котормо китеби Тегеран шаарынан басылып чыккан.

2007-жылы ЮНЕСКОнун чечими боюнча Жалалиддин Руминин 800 жылдыгы белгиленип, республикада анын күнүнө карата макала боюнча уюштурулган конкурста 2-орунга ээ болгон жана грамота, акчалай сыйлыктарга ээ болгон.

1995-жылдан Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун мүчөсү.


Котормолору[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чыгыш берметтери: Ырлар. – Тегеран, Эл аралык «Аль-худо», 1988. – 200 б.

Жалалиддин Руми «Дил сыры»: Тамсилдер, тамашалар. – Б.: Учкун, 2000. – 164 б.

Абу Абдулло Рудаки: Ырлар. – Б.: Алтын Тамга, 2008. – 50 б.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]