Вальпараисо

Википедия дан
Вальпараисо.

Вальпараисо - Чилинин Борбордук бөлүгүндөгү шаар; Вальпараисо аймагынын административдик борбору. Калкы 284,8 миң (2006; агломерациясы менен 916 миң). Калкынын саны жана экономикалык потенциалы боюнча өлкөнүн борборунан кийинки шаар. Тынч океандын жээгинде. Ири жолдор тоому. Трансиндия темир жол магистралынын (В. Сантьяго Буэнос-Айрес) баштапкы пункту. Метрополитен иштейт (2005). 1536-жылы негизделген. Жертитирөөдөн (1730, 1817, 1906, 1928, 1960 жана 1971) өтө жабыркаган. Шаардын жаңы көрүнүшү 19-20-кылымда америкалык жана англис архитекторлору тарабынан долбоорлонгон. Эски шаардын деңиз жак жээги Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген. Университеттер (католик, техникалык жана башка), Укук мектеби, деңиз академиясы, калк китепканасы, музейлер, сүрөт галереясы, акын П. Неруданын үй музейи, театр, ботаникалык бак бар. Вальпараисо Чилинин аскер-деңиз базасы. Шаардын экономикасында тейлөө чөйрөсү басымдуу. Шаар ири өнөр жай жана башкы айыл чарба борбору. Тамак-аш, жеңил, химиялык, токой, цемент, машина куруу, металл иштетүү, кара металлургия өнөр жайы, ЖЭС (мазут менен) иштейт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]