Вантаа

Википедия дан

Вантаа (финче Vantaa, шведче Vanda) — Финляндиядагы шаар. Өлкөнүн борбору — Хельсинкинин жандоочусу. Калкы 190,6 миң (2006). Калкынын саны боюнча өлкөдөгү 3-шаар (Хельсинки, Тампереден кийин). Жол тоому (Вантаа аркылуу Россияны Скандинавия өлкөлөрү менен байланыштыруучу автомагистраль өтөт). Темир жол бекети. Эл аралык ири аэропорту бар. Алгач 1351-жылы эскерилет; 1974-жылдан шаар. Музейлери (авиация жана башка), Хеурека көргөзмө борбору, аквариум бар. Картинг борбору. Хельсинки Вантаа технополиси (логистика, телекоммуникация, электроника жана башка илимий тармактары боюнча изилдөөлөр жүргүзүлөт; бизнес-кызматташтык, программалык камсыздоо боюнча кызмат көрсөтүлөт). Электроника, лак-сыр, тамак-аш өнөр жай ишканалары иштейт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]