Вариатор

Википедия дан
Jatco JF011e
Вариатор Jatco

Вариатор - кыймыл берүүчү жана аткаруучу механизмдердин ортосундагы кыймыл өткөрүү катышын баскычсыз жөнгө салуучу механизм. Вариатор баскычсыз кыймыл өткөрүүчүлөрдөн жана аларды иштетүүчү түзүлүштөрдөн турат. Жөнгө салуу диапазону 3-6 (кээде 16га чейин), ал эми п. а. к. 0,85-0,95. Эң көп таралганы фрикциялык вариатор, ал эми гидравликалык вариатор аз колдонулат. Ал текстиль, кагаз, химиялык өнөр жайларындагы станоктордо, машиналарда, транспортто жана өндүрүш процесстерин автоматташтырууда пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]