Видземе дөңсөөсү
Көрүнүш
Видземе дөңсөөсү - Чыгыш Европа түздүгүнүн Түндүк-батышында, Латвиянын аймагында. Дөбө-дөңсөөлүү жана мореналуу рельеф мүнөздүү. Ал Борбордук Видземе (бийиктиги 311 мге чейин, Гайзинькалнс чокусу; Латвиянын эң бийик жери) жана андан түндүк-чыгышыраакта жайгашкан Алуксне же Чыгыш Видземе (Делинькалнс чокусу, 271 м) дөңсөөлөрүнөн турат; Чыгыш Видземе бара-бара Эстониянын аймагындагы Ханья дөңсөөсүнө өтөт. Көлдөрү бар.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4