Гальванометр
Гальванометр— эң аз ток күчүн жанa чыңалууну өлчөөчү, абдан сезгич электр өлчөгүч прибор.
Гальванометр көп убакта нөл-индикатор, б. а., электр тизмегинде токтун жанa чыңалуунун жок экендигин билдирүүчү түзүлүш катары пайдаланылат. Ал туруктуу жанa өзгөрмө ток Гальванометр болуп бөлүнөт. Туруктуу токтун биринчи Гальванометр 19-кылымдын 20- жылдарында түзүлгөн. Гальванометрдин конструкциясы улам өркүндөтүлүп отуруп 1881-ж. француз илимпозу Ж. А. д’Ар-сонваль түзгөн Гальванометрде кыймылдуу элементи туруктуу магнит талаасына жайгаштырылган токтуу өткөргүч болгон. Кыймылдуу элементинин конструкциясына жараша мындай Гальванометр рамалык, илмектүү жана кылдуу болуп айырмаланат.
Рамалык Гальванометрде кыймылдуу элементи бир нече оромдуу рама, илмектүү Гальванометрде бир оромдон турган илмек жана кылдуу Гальванометрде абдан кере тартылган зым болот. Рамалык Гальванометрде туруктуу магнит талаасында рама жайгаштырылып, анын огуна көрсөткүч жебе бекитилет. Раманын оромдорунан өтүүчү ток туруктуу магнит талаасы менен өз ара аракеттенип, айлануу моментин түзөт да, Гальванометрдин кыймылдуу бөлүгүн бурганда аны менен кошо жебе да шкалаиы бойлой жылат. Булардан башка да баллистикалык, вибрациялык жана жылуулук Гальванометрлери колдонулат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.