Гаман Иоганн Георг

Википедия дан
Иоганн Георг Гаман.

Гаман Иоганн Георг (1730–1788) – немец философу, жазуучусу. Ошол убакыттын рационализм чөйрөсүнөн айырмаланып турган мистик ойчул; өзүн-өзү «түндүктүн сыйкырчысы» деп атап, рационализм менен агартуучулук идеаларына каршы мистикалык интуициянын чыгармачылык күчүн каршы койгон. Канттын жалаң гана акылына ээрчиген таанууга каршы, поэзияда, «адамзаттын эне тилинде» ачылган тилдин аракеттүүлүгүн, сезим менен рухтун чыгармачылык күчүн койгон. Анын таасири классицизмдин «бороон жана кысым» доорунан баштап, романтизм менен учурдагы тилдин философиясына чейин тараган. Ошону менен бирге, Гаман карама-каршылыктардын биримдиги болмуштун жалпы мыйзамы болот деген терең философиялык пикирди айтып, Фихтенин, Шеллингдин, Гегелдин диалектикасына чоң таасир берген.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Л. В. Блинников. Философтордун кыскача сөздүгү. - Б.: 1997, ISBN 5-900162-16-8