Гидрология
Гидрология - (гидро... жана ...логия) – табигый чөйрөдөгү сууларды, аларда байкалуучу кубулуштарды жана процесстерди изилдей турган илим. Гидрология изилдөө объектилерине карата океанология (океан жана деңиз гидрологиясы), кургактык гидрологиясы (дарыя, көл, саз гидрологиясы) жана гидрогеологияга (жер астындагы суулардын гидрологиясы) бөлүнөт. Кургактык гидрологиясы өз ичинен потамологияга (дарыя жөнүндөгү илим), лимнология (көл таануу), саз таануу жана гляциологияга (мөңгүлөр жөнүндөгү илим) деп бөлүнөт. Гидрология географиялык илимдеринин циклине кирип, геофизика, геология жана биология илимдери менен тыгыз байланыштуу. Гидрологиянын негизги милдети жаратылышта суунун айланышына, ага адамдын тийгизген таасирине, анын элементтеринин (суунун деңгээли, чыгымы, температурасы ж. б.) мейкиндик жана мезгил боюнча өзгөрүүсүнө байкоо жана талдоо жүргүзүү, ал элементтердин өзгөрүү законченемин табуу жана алдын ала болжолдоо. Негизги ыкмалары гидрологиялык режимге туруктуу байкоо жүргүзүү, суу объектилерин экспедициялык изилдөө, жериндеги жана лабораториялык эксперименттер. Гидрологияда географиялык жалпылоо, гидрологиялык аналогия ыкмалары жана математикалык статистика кеңири пайдаланылат. Гидрология башында физикалык география, геология жана гидротехниканын бир бөлүгү катары өнүгүп, 20-кылымдын башталышында гана өз алдынча илим болуп калыптанган. Илимий аныктаманы алгачкы ирет (1915) В. Г. Глушков берген. Кыргызстандын сууларынын гидрологиясын, суу ресурстарын изилдөөгө С. К. Аламанов, М. Н. Большаков, А. Т. Ильясов, Ж. Ж. Карамолдоев, Д. М. Маматканов, К. О. Молдошев, М. А. Музакеев, Т. М. Чодураев, А. А. Эргешов ж. б. олуттуу салым кошкон.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4