Ден соолук
Ден соолуктун кыштары— организмдин айлана чөйрө менен тең салмакташ болуу жана оорунун жоктугу менен мүнөздөлгөн табигый абалы. Кишинин ден соолугу биологиялык жана социалдык факторлор менен белгиленет. Ден соолук ооруга карама-каршы түшүнүк. Оору баштала электе оору алдындагы абал болот, анда организмдин коргонуу жана ыңгайлануу күчтөрү өтө жогорулап же басаңдаганда демейде ооруну пайда кылбаган зыяндуу фактор мындай шартта ооруну козгошу мүмкүн. Дени соо кишинин организминдеги айрым өзгөрүүлөр, мисалы, жашка жараша кан тамырлардын атеросклероздук бир аз өзгөрүүсү Д. с-ка анча таасир тийгизбейт. Ага байланыштуу «дени сак киши» деген түшүнүк пайда болгон. Анда организмдеги өзгөрүүлөр кишинин абалын көп өзгөртпөйт жана ишке жөндөмдүүлүгүнө таасир этпейт.
Д. с-ту билдирүүчү көрсөткүчтөр ар бир кишинин жашына, жынысына, тамактануусуна, жашоо шартына, иштеген ишине жараша өзгөрүлүп турат. Ошондуктан Д. с. ар бир кишинин субъективдүү абалын жана антропометриялык, клиникалык, физиологиялык, биохимиялык көрсөткүчтөрүн белгилеп, аньг менен бирге жынысын, жашын, климаттык шартын эске алып аныкталат. Мисалы, өрөөндө жашаган дени соо киши бийик тоолуу жерге барганда бийик тоо шартындагы кычкылтектин жетишсиздигине жана атмосфералык басымдын төмөндүгүнө көнө албай бир топко өзүн начар сезет. Ошондуктан бийик тоолуу жерге адаптация болгондо ал өзүн ооругандай сезет, организмдин ыңгайлануу механизмдери өтө күчөйт, бирок Д. с. бул учурда бузулбайт.
Калктын Д. с-гун төрөт саны, өлүмчүлүк, оорукчандык, кишилердин дене өөрчүшү, өмүрдүн орточо узактыгы белгилейт. Калктын Д. с-уна реалдуу эмгек акысы, иш күнүнүн узактыгы, эмгек жана жашоо шарты, тамактануусу, саламаттык сактоо жана санитариялык абал таасир этет. Жеке кишинин жана калктын Д. с-ун коргоонун илимий уюштуруусу организмдин коргонуу функциясын күчөтүүгө жана кишинин ар кандай оору козгогуч менен тыгыз байланышын алдын алуучу шарт түзүүгө же организмге алардын таасирин басаңдатууга негизделет. Айлана чөйрөнү коргоо, өндүрүштө коопсуздук техникасын сактоо, эпидемияга каршы чара көрүү, калктын маданиятын, ошондой эле үй-бүлөдө жана иште ыңгайлуу шарт түзүү маанилүү ролду ойнойт. Ага ооруну алдын алуу жолдору, акысыз, бардык элди жетиштүү, квалификациялуу дарылоо, алдын алуу-дарылоо мекемелерин, эс алуу үйлөрүн, санаторийлерди көбөйтүү, физ-ра менен спортту массалык түрдө уюштуруу түрткү болот. Ошондой эле саламаттык сактоо алдын алуу боюнча көптөгөн китептер бар.[1]
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8
- ↑ Ден соолук жөнүндө пайдалуу китептер. Текшерилген күнү 1 -декабрь (бештин айы) 2020. Түп булактан архивделген күнү 25 -февраль (бирдин айы) 2021.