Жалпы аскердик милдет

Википедия дан

Жалпы аскердик милдет ― өз өлкөсүнүн куралдуу күчтөрүндө мыйзам чегинде аскердик кызмат өтөө милдети. Кыргыз Республикасынын жараны болгон бардык эркектер тегине, мүлктүк жана кызматтык абалына, билимине, тилине, динине, расасына, улутуна, жашаган жерине, саясий жана башка ынанымдарына карабастан, мамлекеттин Куралдуу Күчтөрүнүн катарында аскердик кызмат өтөөгө милдеттүү. Тынчтык мезгилде 19 жаштан 40 жашка чейин медициналык же башка атайын даярдыктан өтүшкөн, Кыргыз Республикасынын жарандары болгон аялдар да аскердик каттоого алынып, аскердик жыйындарга тартылып жана аскер кызматына ыктыярдуу кабыл алына алат. Согуш мезгилинде Кыргыз Республикасынын Президентинин чечими боюнча аялдар көмөкчү жана атайын кызмат өтөө үчүн Куралдуу Күчтөргө чакырылышы ыктымал. Аскерге чакырылгандар ата мекенин, элин сүйгөндүгүн, ага берилгендигин, жан дили менен кызмат кылууга умтулгандыгын билдирип, аскердик ант беришет. Аскердик кызмат Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө анык аскер кызматынан жана запастагы кызматтан турат. Өлкөнүн жарандары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык альтернативалык (аскерден тышкары) кызматка чакырылышы мүмкүн.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]