Жуматаев Мурат Садырбекович

Википедия дан

Жуматаев Мурат Садырбекович (29. 01. 1957ж. туулган Фрунзе) - техника илимдеринин доктору (1993), профессор (1998), КР УИАнын академиги (2006, корреспондент мүчөсү 1997). ФПИни (1978), Кыргыз ССР ИАнын Автоматика институтунун аспирантурасын (1984) бүтүргөн. Машина таануу институтунда лаборант, инженер (1976-81), илимий кызматкер (1982-92) окумуштуу катчы, директордун орун басары (1992), 1995-жылдан директор, ошол эле учурда И. Раззаков атындагы КТУда професор болуп иштейт. Анын илимий-изилдөөлөрү металлдарды басым менен иштетилүүчү пресстердин, электр-механикалык балкалардын жана перфораторлордун өндүрүштүк үлгүлөрүн жасоодо кеңири колдонулган. Өзгөрүлмө түзүлүштөгү механизмдерди талдоонун жана түзүүнүн жаңы усулдары өтө маанилүү илимий жетишкендик болуп эсептелет. Машиналардын динамикасы жана бекемдиги боюнча адис. 100дөн ашык илимий эмгектин, анын ичинен 2 монография, 11 ойлоп табуунун, 3 окуу куралдын автору. Эмгектери: Шарнирно-рычажные механизмы переменной структуры. Б., 1993 (в соавторстве); Механизмдердин динамикасы (авторлош). Б., 1998; Шарнирно-рычажные ударные механизмы с кинематической развязкой ударного узла. Б., 2007 (в соавторстве).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]