Жүзүм (уруу)
Жүзүм (лат. Vitis, L. 1753) — жүзүмдөр тукумундагы көп жылдык өсүмдүк. Көбүнчө жармашып же чырмашып өсөт. Негизинен жылуу жана мелүүн климаттуу аймактарда таралган. 70тей түрү белгилүү. Тамыры түптүү, сабагы жоон, кыска; бир жылдыгы ичке, узун (3-5 м). Жалбырагы жазы, сабагына кезектешип же тушташ жайгашат. Гүлү майда, бир же кош жыныстуу, шыпыргыдай топ гүлгө чогулган. Мөмөсү ширелүү жемиш, ичинде 1-4 уругу бар; айрым сорттору (кишмиш) уруксуз болот. Шиңгилинин формасы ар түрдүү. Эгилме түрү көп өлкөдө өстүрүлөт. Анын дүйнө жүзүндө 20 миңге жакын сорту белгилүү. Жүзүм бир, эки жылдык көчөтүнөн, калемчеден, кыйыштыруу, бутагын көмүү жолдору менен көбөйтүлөт. Ал эми уругунан өстүрүү селекция ишинде пайдаланылат. Жүзүм жаңы жана тоңдурулган түрүндө тамак-ашка пайдаланылат. Андан шарап, коньяк, шире, компот, мейиз, кыям, маринад, жем жана башкалар жасалат. Мөмөсүндө 65-85% суу, 10-33% кант, 0,5-1,4% органикалык кислота, 0,15-1,0,9% белок, 0,3-1,0% пектин, 0,3-0,5% минерал заттар, ошондой эле С, В1, В2 витаминдери, провитаминдер болот. Шарап өнөр жайында калдыгынан этил спирти, уксус, жүзүм кислотаталары, уругунан май алынат. Жүзүм жана анын продукциясы дары катары колдонулат. Жүзүмдүн түшүмүнүн 80% кайра иштеп чыгарууга, 5%и как жасоого кетет, 15%и жаңы кезинде желет. Жүзүмдүн белгилүү сорттору: Ркацители, Рислинг, Шасла, Ак мускат, Карабурну, кишмиш. Кыргызстанда мускаттуу мадлен, Пино, Иллранг, Кызыл тайфа, Ак бермет, Алтынай, Алиса жана башка сорттору өстүрүлөт. Булар бышып жетилиши боюнчача эрте, орто, кеч болуп бөлүнөт. Зыянкечтери: филлоксера, шиңгилчи көпөлөк, желечи кене, жүзүм курт сымагы жана башка Илдеттери: мильу, оидиум, антракноз, бактериялуу рак.[1]
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 3-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. 784 бет, илл. ISBN 978 9967-14-074 -5