Залка Мате

Википедия дан

Залка Мате - (өз аты-жөнү Бела Франкль; 23. 4. 1896, Венгрия 11. 6. 1937, Испания) венгр жазуучусу, СССРдеги Гражд. согуштун катышуучусу (1918-20), Испаниядагы улуттук революциялык согуштун (1936-39) баатыры. Биринчи дүйнөлүк согушта (1914-18) Австрия-Венгрия армиясында, Италия жана Чыгыш майдандарында салгылашкан. 1920-25-ж. элчилик, чарбалык кызматта болгон. 1936-жылдан Испаниядагы жарандык согушка республикачылар тарабынан катышкан, согушта курман болгон. Аңгемелери 1924-жылдан жарыялана баштаган. Ал СССРдеги гражд. согуш темасын «Атчан аскер жүрүшү» (1929), «Алмалар» (1934) жана башка чыгармаларында сүрөттөгөн. «Добердо» (1937) романында Биринчи дүйнөлүк согуштун империялык мүнөзүн ашкерелеген. Кызыл Туу жана Испанияны Бошотуу ордендери менен сыйланган (өлгөндөн кийин).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]