Зора Ниэл Хөрстон
Зора Ниэл Хөрстон (англ. Zora Neale Hurston; 1891-жыл 7-январь — 1960-жыл 28-январь) — Африка тектүү америкалык роман жана кыскача аңгеме жазуучу, фольклорчу жана антрополог. Ал африка-америка адабиятына кошкон салымы, Американын түштүгүндөгү расалык күрөштү сүрөттөөсү жана Гаитидеги бакшычылык боюнча жүргүзгөн изилдөөлөрү менен таанымал болгон.[1] Төрт романынын жана жарык көргөн 50дөн ашуун кыскача аңгемелеринин, пьесаларынын, дилбаяндарынын ичинен Хөрстон 1937-жылы чыккан "Алардын көздөрү кудайды караган" (англ. Their Eyes Were Watching God) романы менен белгилүү болгон.
Хөрстон Алабаманын Нотасалга жергесинде туулуп, 1894-жылы үй-бүлөсү менен Флориданын Итонвилл жергесине көчүп барган. Итонвилл анын окуяларынын көпчүлүгүнө чөйрө түзүп берген жана учурда ал жер Хөрстондун урматына жыл сайын уюштурулган Zora! Festival өткөн аймак болуп саналат. Өзүнүн карьерасынын баштарында Хөрстон Барнард коллежинде окуп жүргөн кезде антропологиялык жана этнографиялык изилдөөлөрдү жүргүзгөн. Нью-Йоркто жүргөндө ал Гарлем ренессансынын борбордук жүзүнө айланган. Анын африка-америкалык тажрыйбасынан жана расалык бөлүнүүдөн алынган кыска сатиралары "Жаңы негр жана от!!" (англ. The New Negro and Fire!!) сыяктуу жыйнактарда басылып чыгарылган. Флоридага кайтып баргандан кийин Хөрстон Түндүк Флоридадагы африка тектүү америкалыктардын фольклору туурасында "Качырлар жана адамдар" (англ. Mules and Men, 1935) аттуу адабий антропологиясын жана "Ионанын ашкабак идишиндеги шарап" (англ. Jonah's Gourd Vine, 1934); "Алардын көздөрү кудайды караган" (англ. Their Eyes Were Watching God, 1937); "Тоонун кишиси Муса" (англ. Moses, Man of the Mountain, 1939) аттуу өзүнүн алгачкы үч романын чыгарган. Ошол убакта Ямайка менен Гаитидеги ритуалдар боюнча изилдөөсүн жазып, "Жылкыма айтып кой: Вуду жана Гаити менен Ямайкадагы жашоо" (англ. Tell My Horse: Voodoo and Life in Haiti and Jamaica, 1938) аттуу эмгегин да жарыкка чыгарган.
Хөрстондун чыгармачылыгы африка тектүү америкалыктардын баштан өткөргөн окуяларына жана өзүнүн африка-америкалык аял катары күрөшүнө токтолгон. Анын романдары ондогон жылдар бою адабий дүйнө тарабынан салыштырмалуу түрдө таанылган эмес, бирок жазуучу Алис Уолкердин Ms. журналынын 1975-жылдагы санына "Зора Ниэл Хөрстонду издеп" макаласы жарык көргөндөн кийин кызыгуу кайра жанданган. Хөрстондун 1920-жылдардагы элдик жомоктордун жыйнагы боюнча "Ар бир тил мойнуна алышы керек" (англ. Every Tongue Got to Confess, 2001) кол жазмалары Smithsonian институтунун архивинен табылып, автордун көзү өтүп кеткенден кийин жарыкка чыккан.[2]