Кайноо

Википедия дан
Кайноо

Кайноосуюктукту бууга айландыруу процесси. Суюктукта көбүктөр пайда болуп, алар акырындык менен көбүк катмарларын түзүп, суюктуктар бууга айланышына алып келет. К. беттик жана көлөмдүк болуп бөлүнөт. Беттик К., буунун пайда болушуна майда толкундар, ал эми көлөмдүк кайноодо көбүктүк катмарлар жарылышы себепкер болот. Беттик К. эки абалда өтөт: көбүктүк жана катмардык (пленкалуу). Көбүктүк К. катмардык К. өтүү биринчи критикалык К., ал эми тескерисинче болсо экинчи критикалык кайноо болуп эсептелет. Төмөнкү басымда түздөн-түз суюктук жылуулук агымы катмарлык кайноого айланса үчүнчү критикалык К. келип чыгат. Көбүктүк К. эң жогорку интенсивдүү абалда өтөт, себеби буунун жылуулук өткөргүчтүгү суюктукка караганда начар.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Химия: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. - 422 б. ISBN 9967-14-021-6