Кара кайыңдар

Википедия дан

Кара кайыңдар – эки үлүштүү өсүмдүктөр катары (Fagales) жана тукуму (Fagaceac). Жалбырагы күбүлмө жана дайыма жашыл дарак жана бадалдар. Гүлү майда, көрксүз, желекчесиз, көбүнчө бир жыныстуу, демейде татаал топ гүлчөгө чогулган; шамал аркылуу чаңдашат. Мөмөсү жаңгактай. Катардын 2 тукуму (кара кайыңдар, ак кайыңдар) бар. Кара кайыңдардын 7–9 уруусу, 600дөй (айрым маалымат боюнча 1000ге чейин) түрү мелүүн, субтропик жана тропик алкактарда кезигет. Бир үйлүү энелик дихазийи (жуптуу топ гүл) бир же бир нече гүлдөн турат. Гинецейи (мөмө жалбырактары) синкарптуу, астынкы мөмөлүктүү. Казылып алынган калдыктары бор мезгилинде табылган. Кара кайың – токой түзүүчү өсүмдүктөр (кара кайың, эмен, каштан жана башка).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]