Карайымдар

Википедия дан

Карайымдар (өздөрүн карайлар деп аташат) – Украина (Крымда 1200), Россия (Москва жана Санкт-Петербургда 366), Литва (300), Польша (45), Израилде (20 миң) жашаган аз сандагы эл (2002). Карайым тилинде сүйлөшөт. Динге ишенгендери – карайым дининде. Карайымдар – Хазар кагандыгына кирген түрк урууларынын укум-тукумдары. 10-кылымда Хазар хандыгын Киев княздыгы талкалаган соң, карайымдар Крым аймагында калышкан. 14-кылымда Крым хандыгынын борбору – Солхатта, ошондой эле Чуфут-Кала шаарында карайымдар жамааттары болгон. 14-кылымдын аягында карайымдар Улуу Литва княздыгынын туткундары катары Литвага, Украинанын батыш аймактарына көчүрүлгөн. Крым (1783) жана Вильнанын (1795) Россия империясынын курамына кириши менен карайымдардын абалы өзгөргөн. 1795-жылы Екатерина II Россияда жашаган карайымдарды салыктан бошотуп, жер менчиктерин алууга уруксат берген. Карайымдар дыйканчылык менен кесиптенишип, туз кендерин пайдаланышкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]