Катон
Көрүнүш
Катон улуусу (же Цензор) Марк Порций (Биздин заманга чейинки 234, Тускулум – 149, Рим) – римдик жазуучу, чечен, рим адабиятын негиздегендерден жана мамлекеттик ишмер (Биздин заманга чейинки 195-жылдан консул). Карфагендин элдешпес душманы, эски рим адеп-ахлагын жактоочу. Катон – «Башталыш» аттуу Римдин 1-тарыхынын, көптөгөн каттардын автору. Анын «Дыйканчылык жөнүндөгү» (160-жылы чен) трактаты сакталып калган.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104 -9