Кемине

Википедия дан

Кемине (жашыруун аты; өз аты Мамедвели, болжолу 1770–1840-жылдар чен) – түркмөн акыны, сатирик. Адегенде айылдык молдодон, кийин Бухарадан окуган. Кемининин ырларынын жана анекдотторунун кыркка жакыны гана оозеки сакталып калган. Ал «Кедей», «Жакырдык» жана башка чыгармаларында элдин оор турмушун сүрөттөсө, «Казыма» деген сатиралык чыгармасында эл эмгегин соргон акимдерди, дин алдамчыларын ашкерелеп, элди эркиндикке, биримдикке жана достукка үндөгөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]