Кошице
Көрүнүш
Кошице — Словакиядагы шаар. Словак Кен-таштуу тоолорунун этегинде жайгашкан. Калкы 245,2 миң (2006); калкынын саны боюнча Словакиядагы 2-шаар. Жолдор тоому. Металлургия комбинаты, оор машина куруу, магнезит иштетүүчү, тамак-аш, жыгаччылык өнөр-жай ишканалары иштейт. Университет бар.
Готика стилиндеги собор (14—15-к.), 14—18-кылымдардагы арх-ралык эстеликтер сакталган.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104-9