Лицензия

Википедия дан

Лицензия (лат. licentia – эркиндик, укук) – 1) иш-мердиктин белгилүү түрү менен алектенүүгө (м.: банктык, жеке медициналык, басмалык) же мыйзам боюнча лицензиялоого жаткан аракеттерди ишке ашырууга мамлекеттик орган тарабынан берилүүчү улуксат; 2) лицензиялык келишим же болбосо сот же компетенттүү мамлекеттик органдын административдик чечими боюнча берилүүчү ойлоп табууну, өнөр жайлык үлгүнү, пайдалуу модель же башка техникалык жетишкендикти пайдалануу укугу. Л. түрлөрү төмөнкүчө болот: башкы (ишмердиктин белгилүү түрү менен алектенүүгө); бир жолку (улуксат берилген көлөмдүн, салмактын же сандын чегинде белгилүү бир чарбалык аткарымдарды ишке ашырууга); туруктуу (мөөнөтү чектелбестен берилүүчү); убактылуу (2 жылдан кем эмес убакытка берилүүчү) ж. б.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]