Македондуктар

Википедия дан

Македондуктар (макед. Македонци) — түштүк слав элдери; Македония Республикасынын негизги калкы. Жалпы саны 2–2,5 млн киши, анын ичинде Македонияда 1 297 981 (2009). Ошондой эле Греция, Албания, Сербия ж. б. өлкөлөрдө да жашашат. Македон тилинде сүйлөшөт. Динге ишенгендеринин көпчүлүгү – православдуулар, мусулмандар да бар. Македондуктардын этностук негизин славян уруулары түзгөн.

Мамлекеттүүлүгү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эгемендүү Македония Республикасы (1944—1944)
Македония (1944—1946)
Македония Социалисттик Республикасы (1944—1991)
Македония Республикасы (1991—1995)
Түндүк Македония (1995—азыр)

Генеалогиясы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Македондуктар арийлик, чыгыш жер ортолук деңиздик (минойлук), түштүк европалык жана африкалык-азиялык гаплотоптордон турат. Македондуктар дыйканчылык жана мал чарбачылык менен кесиптенишет. Улуттук кийимдери – аялдары туника сымал тик жакалуу саймаланган көйнөк, алды туюк тигилген жеңсиз же кыска жеңдүү жука кемсел, сыртынан желет, алжапкыч, башына жоолугу менен кошо топу кийип, кооздуктарды тагынышат. Эркектери көйнөк, ыштан, ак кемсел кийип, кур курчанат. Негизги тамак-ашы – дан, эт, сүт жана жашылчалар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]