Мактумгулу

Википедия дан

Мактумгулу [жашырын аты – Фраги; (1724-жылы чен – 1807-жыл чен, ошол эле жер) – түркмөн акыны жана ойчулу. Акын Азади Дөөлөтмамеддин уулу. Айыл мектебинен жана Хивадагы медреседен билим алган. Орто Азия, Азербайжан жана Иран фольклорун жакшы билген. Мактумгулунун калемине көп ырлар, лирикалык, лирика-эпикалык поэмалар таандык. Алардын бир далайы акындын жерине баскынчылар чабуул жасаганда жок болуп кеткен. Сакталып калганы – 10 миңден ашуун сап ыр. Кээ бир ырларына пессимисттик жана диний маанай мүнөздүү. Лирикалык ырларында баскынчылардан жабыр тарткан элдин оор турмушу чагылдырылат. Реакциячыл динчилдерге каршы чыгып, жоолашкан түркмөн урууларын биригүүгө үндөгөн. Философ катары Мактумгулу гуманисттик мүнөздөгү коомдук-философиялык, моралдык-этикалык маселелерди көтөрүп, атасы Азадинин мамлекет, эл-журт, жаратылыш жөнүндөгү ойлорун конкреттештирген. Акын «Түркмөн тагдыры», «Эл менен» аттуу ырларында тууган эли тууралуу ой толгосо, «Белгилүү», «Эл жакшысы» сыяктуу ырларында эрдикти даңазалаган. Мактумгулунун поэзиясы элдик акылман ой-пикир жана фольклор менен органикалык байланышта. Курч, элпек чыккандыктан, ырларынын көп саптары учкул сөзгө айланып кеткен. Мактумгулу түркмөн поэзиясынын тилин өзгөртүп, аны элдик тилге жакындаштырган. Арузду элдик силлабикалык система менен алмаштырган. Анын чыгармалары кийинки муундун акындарына чоң таасир тийгизген. Чыгармалары: Махтумкули. Тандалган ырлар. Ф., 1960; Избранное. М., 2008.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]