Мартинес, Вердуго Арнольдо
Мартинес, Вердуго Арнольдо (12. 1. 1925-ж. т., Синалоа штаты, Перикос) — Мексика жумушчу кыймылынын ишмери.
Дыйкан үй-бүлөдөн. Шофёр, соода агенти, контор кызматчысы болуп иштеген. 1945-жылдан жаштар жанa профсоюз кыймылына катышкан. 1946-ж. Мексика компартиясына (МКП) кирген. 1949— 50-ж. «Нуэва вида» газетасынын редактору жанa МКП БКнын жаштар комиссиясынын жетекчиси. 1954- жылдан МКП БКнын, 1959-жылдан БКнын Секретариатынын жанa Саясий комиссиясынын мүчөсү. 1963-ж. МКП БКнын биринчи секретеры, 1973-жылдан ген. секретары. Революциячыл иши үчүн нечен ирет камалган.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.