Микротолкун меши
Көрүнүш
Микротолкун меши, кыска толкундуу меш – электр-магниттик нурлануу энергиясы менен иштөөчү жылыткыч түзүлүш. Анда тамак-аш өтө тез ысыйт жана бышат. Микротолкун мешинде ар кандай узундуктагы (миллиметрдик, сантиметрдик жана дециметрдик) диапазондуу радиотолкундар же өтө жогорку жыштыктагы электр-магнит талаасы пайдаланылат. Тамак-аш толук жылытылбай калганда бактериялар тирүү калып, уулануу коркунучу болот. Ошондой эле өнөр жай микротолкун меши да бар. Анда дан ысытылып, курт-кумурскалардан арылтылат, ошондой эле жыгач кургатууда да пайдаланылат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978-9967-14-111-7