Михаил Булгаков

Википедия дан

Булгаков Михаил Афанасьевич [3. (15) 5. 1891, Киев 10. 3. 1940, Москва] – орус жазуучусу, драматург. Киев университетинин медицина факультетин бүтүргөн. 1919-ж. чейин Смоленск губерниясында врач болуп иштеген. Кийин адабиятка өткөн. 1920–22-ж. «Накануне» гезити (Берлин) менен карым-катнашта болгон. Алгачкы сатиралык жыйнактарында анын сүрөткерлик чеберчилиги байкалган. «Ак гвардия» романына поэтикалуулук жана назик психологизм мүнөздүү. Ал «Ак гвардия» (1925–27) романында жана «Турбиндердин күндөрү» (1926), «Качуу» (1957) пьесаларында ак гвардиячылар менен эмигранттардын тагдырын сүрөттөгөн. «Кызыл кан арал» (1928), «Мольер» (1936), «Соңку күндөр» (Пушкин жөнүндө, 1940) аттуу пьесалардын автору. «Устат менен Маргарита» (1966–67) сатиралык-философиялык романы кыргыз тилине которулган. Бул роман М. Булгаковго ал өлгөндөн кийин дүйнөлүк атак алып келген. Роман боюнча драма коюлуп, кино да тартылган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]