Мазмунга өтүү

Морфология

Википедия дан

Морфология (гр. morphe – түр, форма жана...логия) – 1) сөздөрдүн жасалышы жана куралышы жөнүндөгү эрежелердин жыйындысы; 2) грамматиканын сөздөрдүн өзгөрүү формаларынын системасы жөнүндөгү бөлүгү. мененын негизги түшүнүктөрү: грамматикалык форма, грамматикалык маани, грамматикалык категория. Грамматикалык маани турмуш (болмуш) көрүнүштөрүнүн түрдүү карым-катышын (мисалы, жөндөмө мүчөлөрдүн мааниси) же сөздөрдүн чоң тобунун жалпыланган маанисин тут (мисалы, бардык сын атоочтор заттын сынын, сыпатын, касиетин, белгисин билдирет). Грамматикалык маанилерди туюнтуунун түрдүү жолдору бар: 1) аффикстер аркылуу; бул жол өзгөчө индевропа жана түрк тилдеринде өрчүгөн (мисалы, бала+нын – иликтин мүчөсү аркылуу, китеп+и – III жактын таандык мүчөсү аркылуу; 2) уңгудагы фонемалардын алмашуусу менен (орус тил: теч+ёшь, тек+у; берег+у, береж+ёшь); 3) басым аркылуу (мисалы, серб тилинде). Сөздүн формасын туюнтуунун эки түрдүү жолу бар: 1) синтездик жол – грамматикалык маани сөзгө мүчөнүн жалганышы аркылуу берилет (үй+лөр, шаар+га); 2) аналитикалык жол – грамматикалык маани сөзгө кызматчы сөздүн кошулуп айтылышы аркылуу берилет (өтө алыс, мал го, ат менен). Бирдей же ар түрдүү грамматикалык формалар аркылуу берилүүчү окшош грамматикалык маанилер – грамматикалык категория (мисалы, заттын үч жактын бирине таандык экенин билдирүүчү жалпы маани таандык категориясы болот). Дүйнөдөгү тилдердин грамматикалык категориялары сан жагынан да, аларды туюнтуу жолдору жагынан да бири бирине туура келе бербейт. Мисалы, орус, немис, түрк тилдери үчүн мүнөздүү жөндөмө категориясы француз тилинде жок. Славян тилдериндеги род категориясы түрк тилдерине мүнөздүү эмес. Кээ бир грамматикалык категориялар бир тилде мүчө аркылуу, биринде кызматчы сөздөр аркылуу туюнтулат. Мисалы, таандык маанини туюнтуу кыргыз тилинде атайын мүчөлөр аркылуу ишке ашат (ат+ым, ат+ың), орус тилинде – иликтин мүчөсү аркылуу (право человек+а), француз, англис тилдеринде болсо предлог аркылуу берилет.Ошо анан эмне кылып атасыңар ?Бала-чака аманбы ?яяя

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]