Мэттью Перри

Википедия дан

Мэттю Ленгфорд Перри (англ. Matthew Perry; 1969-жылы, 19-августта туулган - 28-октябрь, 2023) - канадалык жана америкалык актер. Перри NBC телеканалында көрсөтүлгөн комедиялуу "Достор" (анг. Friends) телесериалындагы Чендлер Биңдин ролу менен жана ошондой эле "Рон Кларктын окуялары" (анг. The Ron Clark Story, 2006) тасмасында Рон Кларктын ролу менен кеңири таанымал. Мэттю "Сансет Стриптеги 60 студия" (анг. Studio 60 on the Sunset Strip) аттуу телевизиондук сериалдарга тартылуу менен биргеликте "Акылсыздар шашышат" (анг. Fools Rush In, 1997), "Тогуз ярд" (анг. The Whole Nine Yards ) жана "Кайрадан 17" (анг. 17 Again, 2009) тасмаларында тартылган. 2010-жылы ал видео оюндар жана аларга үн коштоо иштери менен алектенген жана "Fallout: New Vegas" аттуу ролдук видео оюнунда Беннинин үнүн коштогон.

Перри 2011-жылдын феврал айынан апрелге чейин созулган ABC телеканалындагы "Мистер Саншайн" (анг. Mr.Sunshine) аттуу комедиялуу сериалдын биргелешкен автору, сценаристи, башкы продюсери жана катышуучусу болуп саналат. 2012-жылы август айында Перри NBC телеканалындагы "Уланта бер" (анг Go On) комедиялуу сериалда спорт комментатору Райан Кищдин ролун аткарган. Бирок сериал 2013-жылы 10-майда токтотулган.

Андан соң 2015-жылы ал CBS телеканалындагы "Кызыктай түгөй" (анг. The Odd Couple) телесериалында Оскар Медисондун ролун аткарган жана сериалдын биргелешкен өндүрүүчүсү. 2015-жылы, 11-майда сериалдын экинчи сезону тартылган. Ал эми 2016-жылы, 16-майда CBS үчүнчү сезону тартылган.

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жеке жашоосу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тартылган тасмалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]