Олифа

Википедия дан

Олифа - өсүмдүк жана жаныбар майын ж. б. орг. заттарды иштетүүдөн алынган суюктук.

Сарыдан кочкул кызылга чейинки түстө болот. Жыгач жанa металлга жакшы жугуп, кургаганда абадагы кычкылтектин таасиринен полимерленет да, сууда жана орг. эриткичтерде эрибей турган кабыкча пайда кылат. Кургоо убакыты (бөлмө температурасында жанa абанын салыштырма нымд. 60—70% болсо) 24 стан ашпайт.

Олифа коюу боёкторду суюлтуу, шпаклёвка даярдоо жанa сырдала турган нерсенп майлоо (грунттоо) үчүн колдонулат. Олифа менен даярдалган сырлар — металлдарды корро- зиядан, жыгачты чирүүдөн сактоонун негпзги каражаты; ошондой эле буюмдар кооздук үчүн сырдалат.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.