Опера комик
Көрүнүш
Опера комик (фр. ореra comique – комедиялык опера) – комедиялык операнын Францияда калыптанган түрү. Опера комик 17-кылымдагы элдик көчүп жүрүүчү театрлардын оюн-зоокторунда кезиккен. Опера комикке көбүнчө сатиралык мүнөздөгү сценаларды коюу, ак сөөктөр театрларындагы операларды тууроо мүнөздүү болгон. Бара-бара ал оюндардын мазмуну тереңдеп, көркөмдүк деңгээли жана музыкалык мааниси өскөн. Комп. Ж. Ф. Рамо, Т. Муре ж. б. Опера комик жанрында эмгектенишкен.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111 -7