Оттава

Википедия дан
Оттава.

Оттава, Байтаун (1827–54) – Канаданын борбор шаары. Өлкөнүн Түштүк-чыгышында Оттава дарыясынын боюнда, Ридо каналынын жээгинде (шаарды Онтарио көлү менен байланыштырат) жайгашкан. Климаты мелүүн континенттик. Январдын орточо температурасы –11°С, июлдуку 20,3°С. Жылдык жаан-чачыны 873 мм. Калкы 1,1 млн (2010). Аянты 4662 км2 (өлкөдө аянты боюнча Торонто, Монреал жана Ванкуверден кийинки 4орунда). Башка шаарлардан өзгөчөлүгү, эки провинцияда – Квебек жана Онтариодо жайгашкандыгы. Эл аралык аэропорту бар. Метрополитен иштейт. 20-кылымдын акыркы 10 жылында архитектуралык ири комплекстер курулуп, Оттава Канададагы, ошондой эле Түндүк Америкадагы эң кооз шаарлардын бирине айланды. Гүл өстүрүүчүлүк (жоогазын) өнүккөн. Оттавада өлкөдөгү алдынкы 3 саясий партиялардын штаб-квартиралары, өкмөттүк жана мамлекеттик уюмдар, ири банктар жана алардын филиалдары ж. б. жайгашкан. Целлюлоза-кагаз, полиграфия, радиоэлектроника, прибор куруу өнөр жай ишканалары иштейт. Оттаваны «Түндүк силикон өрөөнү» деп аташат, анткени шаарда гигант электрон индустриясы (Nortel, Corel, JDS) түзүлгөн. Үч университет, Канада королдук илимий коому, Атом энергетикасы илимий институту, коллеждер, Калк китепканасы, улуттук галерея, улуттук музей, неоготика стилиндеги парламент комплекси (1916), айыл чарба тажрыйба станциясы ж. б. бар. «Дүйнө мунарасы» (бийиктиги 96 м; курмандык алтары жана эстелик китеби менен), анда Оттава карильону (татаал музыкалык композициялар менен П. Чайковскийдин чыгармаларынан үзүндүлөр уктурулуп турат) орнотулган. 1858–67-ж. англиялык ээликтин (провинция), 1867-жылдан Канаданын борбору.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]