Параиба
Көрүнүш
Сөздүн же жамдаш сөздүн маанилеринин тизмеси. Эгер сиз бул жакка Википедиянын башка макаласынан багытталсаңыз, сураныч, артка кайтып, шилтемени тийиштүү макаланы көрсөтө тургандай кылып оңдоңуз. |
Параиба (Paraiba) – Түштүк Америкадагы эки дарыянын аты.
- Париба-ду-Норти (Paraiba do Norte) – Бразилиянын түндүк чыгышындагы дарыя. Узундугу 450 км, алабынын аянты 19,7 миң км2. Борборема платосунан башталып, Атлантика океанына куят. Төмөнкү бөлүгүндө (Жуан-Песоа шаарына чейин) кеме жүрөт;
- Параиба-ду-Сул (Paraiba do Sul) - Бразилиянын түштүк-чыгышындагы дарыя. Узундугу 1060 км, алабынын аянты 60 миң км2. Бразилия бөксө тоосунан башталат жана аны аралай агып, Кампус шаарынын тушта Атлантика океанына куят. Орточо чыгымы 1000 м3/секдан ашык. Ортонку агымынын айрым бөлүктөрүндө жана төмөнкү агымында (250 /слгдей) кеме жүрөт. Илия-дус-Помус ГЭСи бар.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117-9