Поль Дирак

Википедия дан

Дирак Поль Адриен Морис (8.8.1902, Бристоль – 1984) – англиялык физик-теоретик, квант механикасын негиздөөчүлөрдүн бири, Лондон королдук коомунун мүчөсү (1930), Нобель сыйлыгынын лауреаты (1933). Дирак СССР ИАнын чет элдик (1931) жана бир катар чет мамлекеттик академиялар менен коомдордун мүчөсү. Бристоль, кийин Кембриж университетинде окуган. Кембриж университетинин (өз убагында И. Ньютон жетекчилик кылган кафедранын) профессору (1932). Дирак квант механикасындагы өзгөртүп түзүү теориясын (1926–27), башкача айтканда толкун функциясынын симметриялуулук касиеттери менен статистикалык бөлүштүрүүнүн арасындагы байланышты тактап, квант статистикасына чоң салым киргизген. Салыштырмалуулук теориясынын маселелерин канааттандыруучу электрондук квант механика теориясын (1928) түзгөн. Дирактын теориясы электрондун спинин, Зееман эффектисин жана суутек атомунун спектрдик структурасын түшүндүргөн. Дирак теориясынын өзгөчөлүгү массасы электрондун массасына барабар оң заряддуу бөлүкчөнүн бар экендигин алдын ала айткандыгында. 1932-ж. позитрондун (антибөлүкчөлөрдүн) жана аннигиляция процессинин ачылышы Дирак теориясынын тууралыгын далилдеди. Дирактын талаанын квант теориясынын түрдүү маселелерине арналган бир нече эмгеги теориялык физикада кеңири колдонулууда.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1