Роттердам

Википедия дан
Роттердам.

РоттердамНидерланддагы шаар. Рейн дарыясынын дельтасында (түндүк салаасында) жайгашкан. Калкы 586,3 миң (2010). Дүйнөдөгү эң ири (Шанхайдан кийинки) порт (2008-ж. 421 млн т жүк ташылган). Аванпорттору: Влардинген, Схидам, Хук-ван-Холланд. Ири жол тоому. Эл аралык аэропорту бар. Метрополитен иштейт. Соода жана финансы иштеринин ири борбору. Нефть ажыратуу, нефть-химиялык өнөр-жай өнүккөн. Машина куруу (кеме), металл иштетүү, металлургия, химиялык, жеңил, тамак-аш өнөр-жай иштейт. Университет, искусство академиясы, Табигый-тарых, нидерланд король коому, кеме куруу жана навигация улуттук институту, музейлер (анын ичинде тарых, деңиз, өлкө таануу, этнография), сүрөт музейи ж. б. бар. Готика стилиндеги чиркөө (15-кылым) сакталган. 2001-ж. Европанын маданий борбору деп жарыяланган. Шаар 1282-жылдан эскерилет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]