Жолочу Рысбаев

Википедия дан
Рысбаев Жолочу‎»‎ барагынан багытталды)
Жолочу Рысбаев
Туулган жылы:

25 -июнь 1949(1949-06-25)

Туулган жери:

Жылуу-Булак, Түп району, Ысык-Көл облусу, Кыргыз ССРи

Каза болгон жылы:

30 -апрель 2024(2024-04-30) (74 жаш)

Каза болгон жери:

Ысык-Көл облусу, Кыргызстан

Ишмердүүлүгү:

сатрик, акын

Жарандыгы:

СССР желеги СССР
 Кыргызстан

Жолочу Рысбаев — Кыргызстандык акын, сатирачы. Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери (2019), Кыргыз Республикасынын эл акыны (2021)[1].

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жолочу Рысбаев Түп районуна караштуу Жылуу-Булак айылында 1949-жылы 25-июнда туулган. 1966-жылы Сан-Таш орто мектебин, 1967-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинин сырттан окуу бөлүмүндө окуу менен В.И.Ленин атындагы машина куруу заводунда жумушчу болуп иштеген.
1975-жылдан Кыргыз телерадиокомитетинин адабий драмалык бөлүмүндө редактор болуп иштеп, «Мыскыл жана тамаша», «Шибеге», «Кутмандуу болсун күнүңөр”, ”Бетке айткандын заары жок” аттуу көрсөтүүлөрдү даярдаган. Кийинчерээк башкы редактор болуп, 1991-жылдан чейин, Чүй облустук «Сарөзөн» телерадиокорпорациясында башкы редактор болуп иштеген.
1988-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү.
Учурда Кыргыз улуттук радиосундагы жекшембилик “Кутмандуу болсун күнүңөр” радиожурналын даярдоо менен Чүй облустук телерадио компаниясында улук редакторлук кызматта эмгектенген. 30-апрель 2024-жылы каза болгон[2].

Китептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинде

Чырмоок: Тамсилдер. - Ф.: Кыргызстан. - 1982. -63 б.

Коңгуроо: Сатиралык ырлар, тамсилдер, пародиялар.  Ф.: Кыргызстан, 1988. - 70 б.

Ой, шумдук!: Ырлар, тамсилдер. - Ф.: Адабият, 1992. - 37 б.

Ап-Чихи!-Чүчүңүз!: Сатиралык ырлар.  Б., 1999. - 134 б.

Мен Мидин эмесмин, Мидин деле мен эмес: Сатиралар, тамсилдер. -2006. - 286 б.

Ачуу-таттуу аралаш 2008.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Таланттуу сатирик Жолочу Рысбаев дүйнө салды (кырг.). Кабар (30 Апрель 2024). Текшерилген күнү 30 Апрель 2024.
  2. Кыргыз Республикасынын Эл акыны Жолочу Рысбаев дүйнө салды (кырг.). Азаттык үналгысы (30 Апрель 2024). Текшерилген күнү 30 Апрель 2024.