Сарьян, Мартирос Сергеевич

Википедия дан

Сарьян, Мартирос Сергеевич (1880, азыр Ростов-на-Дону шаарынын чегинде – 1972, Ереван) – советтик живописчиси, СССР эл сүрөтчүсү (1960), СССР Сүрөт академиясынын анык мүчөсү (1947), Армян ССР ИАнын академиги (1956), Социалдык Эмгек Баатыры (1965), Армян ССР сүрөтчүлөр союзунун председатели (1947–51). Москва живопись, ийчилик жана зодчийлик окуу жайында (1897–1904) окуп, 1902-04-ж. В. Серов менен К. А. Коровиндин өнөрканасында искусствосун өркүндөткөн. С-дын алгачкы чыгармаларында чыгыш сүрөт үлгүлөрү композициялык жасалгага эриш-аркак колдонулган. 1900-жылдын аягындагы чыгармаларында П. Гогендин, А. Матисстин таасири байкалат. Октябрь революциясынан кийин С-дын чыгармаларынын негизги темасы – Армениянын (1921-жылдан жашаган) турмушу, жаратылышы. 1930-жылдарда каармандарды курч мүнөздөгөн портреттерди (“Р. Н. Симонов”, “А. Исаакян”, “Палитра кармаган автопортрет”); жаркын колориттүү натюрмортторду (“Күзгү натюрморт” жана башкалар) тарткан. Анын 40–60-жылдардагы чыгармачылыгынын негизин пейзаж түзөт. С-дын “Ата журтум” аттуу 7 сүрөттөн турган цикли (1952–58) болгон. С. китеп графикасында, театр жасалгасында иштеген. СССР мамлекеттик сыйл. лауреаты (1941). СССР Жогорку Советине (2-4–шайл.) депутат. Үч Ленин ордени, башка 2 орден жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]