Симуляция

Википедия дан

Симуляция (лат. simulatio - ант- корлонуу, алдоо) - соо адамдын оорулуумун деп анткорлонушу.

Симуляция атайын жана патологиялык болот. Атайын Симуляция бир максатты көздөйт (мисалы, эмгекке жараксыздык боюнча пособие алуу, аскер кызматынан баш тартуу ж. б.). Патологиялык Симуляция адам өзүн оорумун деп ишенгенден келип чыгат (мисалы, психикалык ооруларда). Ал - кээ бир оорунун (мис,, истериянын) белгилеринин бири.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.