Согуш туткуну
Көрүнүш
Согуш туткуну — эл аралык укукта куралдуу кагылышуу учурунда согушуп жаткан бир тараптын куралдуу күчүнүн экинчи тараптын колуна түшүп калган адамы. Ал согуш аракеттери аяктаганча анын бийлигинде болушат.
Согуш туткундары эл аралык укуктун (1949-жылкы согуш туткундарына мамиле жөнүндөгү III Женева конвенциясынын ж. б.) ченемдери менен коргоого алынат. Согуш аракеттери аяктагандан кийин жана тынчтык жолу менен жөнгө салууларга байланыштуу өз мекенине кайтарылууга тийиш.
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7