Станиславский системасы
Станиславский системасы - К. С. Станиславский иштеп чыккан сахна чыгармачылыгынын теориясы менен методологиясынын шарттуу аты.
Адегенде актёр менен режиссёрдун ишине практикалык жол көргөзүүгө багыталган. Станиславский системасы кийин сахнадагы реалисттик искусствонун адистик жана эстетикалык негизи катары мааниге ээ болгон. Станиславский аны өз чыгармачылык пед. тажрыйбасына А. С. Пушкин, Н. В. Гоголь, А. Н. Островский, М. С. Щепкиндин салттарына, айрыкча А. П. Чехов менен М. Горькийдин драматургиясына таянуу менен МХАТта калыптандырган.
Станиславский системасы - турмуш логикасы боюнча мурдатан ойлонулган образдын жандуу аракети ар бир оюнда накта турмуштагыдай аткарылышын теориялык туюнтмасы. Чыгармадагы негизги ойду («данекти») өз алдынча же режиссёрдун жар дамы менен ачуу аркылуу аткаруучу өз алдына идеялык чыгармачылык максат коёт. Станиславский чыгармачылыктын элементтери деп эсептеген актёрдун акыл-эси, эрки, сезимталдыгы, ички-сырткы сапаты, элестете, туя билүү жөндөмү, сүйлөө өнөрү дайыма өркүндөп турганда гана сахнада накта чыгармачылык шык туудуруп, актёрго кейипкердин кейпин кийүүгө өбөлгө түзөт. Актёр сөздү сүйлөөдөн мурда ага себепкер кыймыл-аракетти жасаганда гана сөз таасирлүү болоруна көп көңүл бурган.
Станиславский системасы советтик театрдын теориялык ири жетишкендиги болуу менен сахна өнөрүндө социалисттик реализмдин методун бекемдөөгө өбөлгө түзгөн.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.